Бүгүн, 17-сентябрда Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин төрагасы Токтогул Туманов "Парламент" радиосунда маек берип жатып буга чейин "Судьяларды тандоо кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлерди жалпы тизме менен шайлоо керекпи же ар бирин өз-өзүнчө шайлоо туурабы?" деген суроо туулуп келгенин билдирди. “Бирок талапкерлерди өз-өзүнчө шайлоо тартиби Конституция талаптарына каршы келгендиктен, ал четке кагылды”,- дейт ал.
Туманов Судьяларды тандоо кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлерди кароо жүрүшүндө мыйзам бузуу белгилери орун алса, анда 24 талапкердин баары артка кайтарыла турганын айтты.
Андан сырткары депутат кеңештин мүчөлүгүнө талапкер көрсөтүү жүрүмүндө жаран өзүн өзү көрсөтө албастыгына да токтолду. “Талапкерди сөзсүз түрдө кайсы бир уюм көрсөтөт. Өтө жооптуу милдет тагыла турган талапкер коомчулукка кандайдыр бир деңгээлде белгилүү адам болушу талапка ылайык келет”,- деп кошумчалады Туманов.