Токтогул Туманов: "Конституция 2020-жылга чейин өзгөрүүсүз иштеши керек"

Өткөн аптада парламенттеги "Ар-намыс" фракциясы референдум өткөрүп, Конституцияга айрым түзөтүүлөрдү киргизүү сунушун көтөрүп чыккан. Бул демилгеге макул эмес экенин Жогорку Кеңештин Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук комитетинин төрагасы Токтогул Туманов 17-сентябрда "Парламент" радиосуна берген маегинде айтты.

"Албетте, идеалдуу дегенден алысмын, бирок жаманбы, жакшыбы, Баш мыйзамыбыз бар. Аны 2020-жылга чейин өзгөртпөө тууралуу жобосу да турат. Демек, Конституция өз мөөнөтү келгенче өзгөрүүсүз иштеши керек. Эгер ошого чейин өзүн көрсөтө албаса, бизге таптакыр эле ылайык келбесе, анан ойлонуп көрүш керек. Ошондуктан азыр мыйзамдарды Баш мыйзамдын жоболоруна шайкеш келтирип, ошонун негизинде иш жүргүзгөнүбүз туура",- дейт Туманов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан