Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен бүгүн, 17-сентябрда Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат:
"Урматтуу президент, туулган күнүңүзгө байланыштуу чын жүрөктөн айтылган куттуктоомду кабыл алыңыз. Азыркы учурда кыргыз-кытай мамилеси туруктуу өнүгүүдө. Мунун далили 2014-жылдын май айында сиздин Кытайга жасаган мамлекеттик иш сапарыңыз. Анда биздин ортобузда достук атмосферада пикир алмашуу болуп, эки тараптуу мамилелерди терең өнүктүрүү үчүн маанилүү болгон келишимдер түзүлгөн. Биздин ортобузда жетишилген түрдүү тармактар боюнча эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү боюнча келишимдерди ишке ашырууну канааттануу менен белгилейм. Кыргыз-кытай мамилесине өзгөчө маани берем.
Ортобузда түзүлгөн мыкты кызматтык алаканы жогору баалайм. Биздин элдердин жыргалчылыгы, биргелешип кыргыз-кытай мамилелеринин үзгүлтүксүз өнүгүшүнө бардык күчтү жумшоо үчүн сиз менен тыгыз байланышта болууну колдоого даярмын. Бекем ден соолук жана ийгилик каалайм".