"Баткендеги чатактардан 11 миллион сомдук зыян келтирилсе, эми тажик тарап "500 доллар беребиз" деп шылдыңдап жатыптыр" дейт депутат Кочкоров

"Баткенде кыргыз-тажик жаңжалдарында жапа чеккен кыргызстандыктарды тажик өкүлдөрү "500, 1000 доллардан беребиз" деп шылдыңдаптыр. Эмнеге муну эч ким карабайт?"- деди депутат Улукбек Кочкоров. Депутат бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында чек арага чектеш жашаган аймактардагы жашоочуларга курал көтөрүүгө макулдук берүү жөнүндө мыйзам долбоорун кароо учурунда айтты.

Анын билдиришинче, ушул жылы кыргыз-тажик жаңжалынан кыргыз тарап 11 миллион сом зыян тартса, ушул учурга чейин эч кандай акча төлөнүп бериле элек. 2014-жылы жыйырмадай окуя болсо, жыйынтыгында жергиликтүү эл 11 миллион сомдук зыян тартты. Өкмөт мага жооп берди, 11 миллиондун 27 миң сому толукталыптыр. Эгер 7-майда азыр сунушталып жаткан мыйзам иштеп турганда, эл өзүнүн мүлкүн сактап калганга мүмкүнчүлүк алат эле го. Зыян келгени боюнча бир тыйын төлөнө элек. Жакында эки тараптын жолугушуусу болуп, тажик тарап элге "500, 1000 доллардан беребиз" деп шылдыңдагандай кылып жатыптыр. Биз качанкыга чейин ушинтип жүрөбүз? Окуя болгон жерге акимди же жергиликтүү бийликтин өкүлүн жиберип коёт экен. 11 миллион силерге оюнчук эмес да”,- деди Кочкоров. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан