“Унаамды КРнын Экономика министрлигинин имаратынын алдына токтотуп койгом. Унаанын жанына келсем, 3 киши номурду чечкенге аракет кылып жатышыптыр. Барып сураганымда “бул жерге токтотконго болбойт” дешти. Андан соң уруш чыгып кетип, мен милиция кызматкерлерин чакырдым. Тактап коюшум керек, мага кол салгандар милиция кызматкерлери эмес, Экономика министрлигинин кызматкерлери. Алар менден кечирим сурашты”,- деп SUPER.KG порталына билдирди коомдук активист Нурбек Токтакунов.
Кошумчалай кетсек, бүгүн, 17-сентябрда Н. Токтакуновдун жакын адамдары анын милиция кызматкерлери тарабынан сабалганын маалымдашкан эле.