2014-жылдын биринчи жарымында Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган этникалык кыргыздардын саны 1322ни түздү. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө аталган министрликтин аймактык бөлүмдөрү этникалык кыргыздар менен тыгыз иш алып барышууда. Салыштыруу иретинде айтсак, 2013-жылы КРнын жарандыгын алган этникалык кыргыздардын саны 5113тү түзгөн. Ал эми 1995-жылдан 2013-жылга чейинки аралыкта Кыргызстандын калкынын саны 40 миңден ашык этникалык кыргыздар менен толукталган.