2014-жылы Кыргызстанда кыйноо боюнча 12 милиция кызматкери кылмыш жоопкерчилигине тартылды

2014-жылы 8 айдын ичинде Кыргызстанда кыйноо боюнча 12 милиция кызматкери кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда КРнын ИИМинин Жеке коопсуздук башкармалыгынын өкүлү Асел Аруновага шилтеме берүү менен Адам укуктары боюнча Эдвокаси борборунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган мөөнөттүн ичинде жоопкерчиликке жалпысынан 2845 адам тартылып, алардын 77си укук коргоо кызматкерлери болуп саналат. “Башка мыйзам бузуулар боюнча тартиптик жана административдик чаралар 174 милиция кызматкерлерине колдонулган. Кызматтык тартипти бузуу боюнча 1606 милиционер дисциплинардык жазага тартылган. 2014-жылдын башынан бүгүнкү күнгө чейин милициядан 74 кызматкер четтетилген, 110 адам кызматынан бошотулган”,- деди А.Арунова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Ariet7
2014-09-18 02:46:16
Кудаай кандай адамдардын кучу жетти экен жети баштууларды жазага тарттырууга.Эки жыл мурун Таластын милициялары жолдошумду сабап олтуруп коюшуп эч нерсе кыла албай койгонбуз.Кай жакка барбайлы докозательство жок дешип,калп эле.Эки балам жетим калды,каргайм куну туну аттарын атап!Мен чындыкты билем бирок коркуп койдум да,бироосу келип эле айткан мага туз эле мен сага жардам берээрим болсун ушу созум {ЭКИ БАЛАНДЫ ОЙЛО}деп:-(Кудай барына ишенем!!!!!
0
Ariet7
2014-09-18 02:49:46
Тим элеее барып ошолорду атып туруп олуп калгым келип кетет да кээдечи..Куйутумон ичим жон эле орттонуп кетет...Милицияларды коргондочу ей жийиркенем кантип жашап журушот арамдар арам оокат м.н деп ФУУУУУ
0
admin_superstan
2014-09-18 09:48:45
Ariet7, жаргон сөздөрдү колдонбоого чакырам.
0
Compact
2014-09-18 09:50:23
Ariet7, 5 кол тен эмес. Тушунуп турам куйутунузду, сабырдуу болунуз. Кудай бар, оз жазасын алышат. Капа болбой жашоону уланта бериниз. Ичиниздеги жек корууну жокко чыгарыныз. Жек коруу адамды ичинен олтурот. Бактылуу болунуз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан