Темир Сариев Бажы биримдигине кирүү үчүн 38 мыйзам долбоору иштелип чыкканын айтты

Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча 40 нормативдик-укуктук акты иштелип чыкты, мунун 38и өлкөнүн мыйзам базасын Бажы биримдигинин базасына шайкеш келтире турган мыйзам долбоору. Муну 17-сентябрда өкмөттө өткөн жыйында экономика министри Темир Сариев билдирди. Аталган биримдикке кирген өлкөлөр бирдиктүү техникалык регламент менен иштеп жатканын айткан Сариев буларды кошумчалады: 
"Кыргызстан Бажы биримдигине кирген соң, биз дагы ушул регламенттин алкагында иш алып барабыз. Учурда өндүрүлгөн ата мекендик продукциянын белгилүү бөлүгү бул техникалык регламентке дал келбейт. Бүгүнкү күндө республикада 87 аккредиттелген лаборатория бар, алар көптөгөн өлкөлөр тарабынан таанылган. Биз үчүн лабораторияларыбыз Бажы биримдигинин Бирдиктүү тизимине киргизилиши маанилүү. Азырынча Бирдиктүү тизимге болжол менен 33 лабораторияны жана сертификация боюнча 10 органды киргизүү сунушталууда". 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан