Кыргызстанда атайын даярдыктагы аскер бөлүктөрүнүн “Калканч-2014” машыгуулары өтүүдө

Кыргызстанда атайын даярдыктагы аскер бөлүктөрүнүн “Калканч-2014” машыгуулары өтүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан бүгүн, 17-сентябрда билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн иш-чаранын биринчи бөлүгү Бишкекте өттү. Анда “Калканч-2014” машыгууларынын негизги максаты катышуучуларга жеткирилди. Ал эми экинчи этабы эртең, 18-сентябрда Ала-Бука районунда өтөт.

Иш-чаранын негизги максаты - мыйзамсыз куралдуу топторду жок кылуу операциясына даярдык жана аны жүргүзүү, аскерлерди башкаруу, өз ара аракеттерди уюштуруу, камсыздоонун бардык түрлөрүн ишке ашыруу боюнча теориялык такшалуу.

Машыгуулар Мамлекеттик чек ара кызматы жана ЕККУнун Бишкектеги борбору менен биргеликте “Кыргызстандын өкмөтүнө аймактык кызматташтыктагы чек ара коопсуздук жана чек араны башкаруу маселелери боюнча көмөк көрсөтүү” долбоорунун чегинде биринчи ирет өткөрүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан