Бишкекте 18-сентябрда И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде окуу жайдын 60 жылдыгына арналган иш-чара өтөт. Ага парламент депутаттары, өкмөт өкүлдөрү, окутуучулар жамааты жана башкалар катыша турганын ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Иш-чаранын алкагында белгилүү мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун айкелинин ачылышы болот. Айкел университеттин башкы корпусунун алдындагы аянтчага орнотулган.