Өзгөндө жер алдынан 4 тоннель табылды

Өзгөндө жер алдынан төрт тоннель табылганын “Мурас” тарыхый жана маданий мурастар фондунун төрагасынын орун басары Кыяс Молдокасымов бүгүн, 17-сентябрда SUPER.KG порталына билдирди. 

Анын айтымында, жакынкы арада дыкат изилдеп чыгуу үчүн экспедициялык топ жөнөтүлөрү пландалууда.

“Жергиликтүү тургундар Өзгөн шаарын башка айылдар менен бириктирген үчтөн ашуун тоннель бар экенин билдиришти. Маалыматка караганда, ал жерден басып көрүшкөн. Тарыхка таянсак, 9-10-кылымдарда Өзгөн шаары аркылуу жер астынан төрт тарапка кеткен жол салынган деп айтылууда. Тургундар изилдөөгө адистерди жиберүүнү суранышты”,- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
KARL-MARKS
2014-09-17 20:29:41
Өзгөнгө метро менен барып калабызбы...
+18
naaazka
2014-09-17 21:05:25
ozgondun kaisyl jerinde eken bul tonnelder?
-1
elish87
2014-09-17 23:28:56
Жакшы кабар да окуйт экенбиз ааааа
+7
Desmond
2014-09-17 23:58:37
Суротторун да илсенер болмок экен
+2
Mech.kg
2014-09-18 00:06:40
озгон мырза аке метро менее журуп калабызго.
+1
al-abu-kinesz
2014-09-18 00:12:14
Огоо, кулак суйунот го!!? Суротторун да киргизип койгулачы, кененирээк маалымат кутобуз!!!
+2
omur2105
2014-09-18 00:31:51
Мен да ошол экспедицияга кошулушту каалайт элем, кызыгам архиялогия. Ким кошот экен ээ?
+1
unikalnyi.paren
2014-09-18 01:52:30
баш добо айылдык округунда ал тонель. жэтим ункур'' деп атап койушат аны елдер
0
chomly88
2014-09-18 07:49:08
Озгон - Шоро-Башат деп да каттап калат экенбиз да э метро менен...?
0
Karahanid
2014-09-18 08:45:12
chomly88,
Жакшы жанылык экенго.
Озгон-Шоро башат деп метро каттап калсак сонун болмокко :-)
0
Kymbat-02-04
2014-09-18 09:26:25
Озгонду жакшылап караса тарыхый издер коп. Биздин Торт-Колдо да тарыхтын издери бар.
0
ere
2014-09-18 09:34:55
оо жакшылап изилдесе коп нерсе чыгат Озгондон
0
boztalaa
2014-09-18 10:27:28
Озгондуктор орт болот деген чын турбайбы анда жакында метро журуп калса.
0
enka
2014-09-18 12:17:21
Жакшы жанылык экен))
0
love8994
2014-09-18 17:59:45
Эн жакшы жанылык экен
0
Ganibal87
2014-09-18 19:09:22
Хит жанылыкко ха ха
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан