Чолпон Султанбекова: "Сулайман тоо" ЮНЕСКОнун тизмесинен чыгып калышы мүмкүн"

24-январда, Жогорку Кеӊештин жыйынында депутат Чолпон Султанбекова Ош шаарындагы "Сулайман тоо" комплекси ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесинен чыгып калышы мүмкүн экендигин айтты. Анын айтымында, аталган тоонун айланасындагы абал начар. "Сулайман тоо» ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине кирген. Жарандар тоого зыярат кылып, туристтер келип-кетип жатышат. Бул аймак мамлекеттик кайтарууга алынган жай. Бирок тоонун бетине уят сөздөр сыр менен жазылып турганы өкүндүрөт. Мындай көрүнүштөр улана берсе, анда «Сулайман тоо» ЮНЕСКОнун тизмесинен чыгып калышы мүмкүн. Бул маселеге өкмөт көӊүл буруу керек",- деди депутат.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан