Бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөттүн кышка даярдыгы каралууда. Вице-премьер-министр Валерий Диль орус тилинде баяндама жасагандан кийин депутат Дастан Жумабеков өкмөт мүчөлөрүнөн кыргыз тилинде баяндама жасоону талап кылды.
“Бул жерде кышка даярдык боюнча расмий тилде баяндама жасалды. Бирок элдин көпчүлүгү айыл тургундары. Алар орус тилин түшүнбөй калышат. Бул көйгөй айыл эли үчүн маанилүү”,- деди Жумабеков.
Депутаттын бул сунушун башка кесиптештери да колдоого алышты. Спикер Асылбек Жээнбеков мындан ары баяндаманы кыргыз тилинде даярдап келүү талабын койду.