Бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөттүн кышка даярдыгы каралууда. Депутат Мыктыбек Абдылдаев “даярдык газ, свет менен эле бүтпөйт, комплекстүү карагыла” деп өкмөткө сунуш айтты.
“Мен премьер-министр Жоомарт Оторбаевге жардам иретинде сүйлөп коёюн. Даярдык свет же газ менен эле бүтпөйт, тоют, базар баалары, жазгы айдоо маселелери бар. Комплекстүү карагыла да. Өлбөгөн жанга жаз келет, эптеп көмүр менен деле чыгып кетебиз”,- деди Абдылдаев.