Жогорку Кеңеште депутаттардын кепилдик берүү аркылуу кылмышка шектүү жаранды камактан чыгарып алуусуна тыюу салуу демилгеленүүдө

Парламентте депутаттардын, саясий кызматтагы таасирдүү адамдардын сотторго кепилдик берип, кылмышка шектүү жаранды абактан чыгарып алуу укугун чектөө маселеси көтөрүлдү. Бул демилгени депутат Өмүрбек Текебаев көтөрүп чыкты. Депутаттын айтымында, депутаттардын кол коюп берүү аркылуу айыпталуучуну камактан чыгарып алуусу жана анын өлкөдөн качып кетпешине кепилдик берүүсү сотторго карата басым болуп эсептелет. Мындай учур сот ишин таза жүргүзүүгө тоскоолдук кылат. “Мыйзамдын маңызы, ЖКга болгон коомчулуктагы шек саноолорду азайтуу, депутаттардын соттун ишине кийлигишүүсүнө бөгөт коюу. Бул чектөө бир гана депутаттарга эмес, жогорку кызматтагы бардык бийлик өкүлдөрүнө тиешелүү”,- деди Текебаев. Бул демилгени депутаттар Бөдөш Мамырова, Дастан Бекешев да толук колдой тургандыктарын билдиришти. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан