Кубанычбек Кулматов "Бишкек шаары кышка 25 пайызга даяр" деди

Бишкек шаары кышка 25 пайызга даяр. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 18-сентябрдагы жыйынында Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов билдирди. Анын айтымында, 1-октябрда Бишкек кышка 100 пайыз даяр болот. Кышка даярдануу боюнча жумушчу топ иштеп жатат. Бишкек жылуулук борборунун 57 от казаны 1-октябрга чейин ишке кирет. Демек, 1-октябрда Бишкек кышка 100 пайыз даяр болот. Учурда 25 пайыз даяр”,- деди Кулматов.  

Айта кетсек, парламентте өкмөттүн күз-кыш мезгилдерине даярдыгы каралууда. Депутаттардын суроолоруна премьер-министр Жоомарт Оторбаев баштаган өкмөт мүчөлөрү жооп беришүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан