Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик кадр кызматынын кызматкерлеринин 10 жылдык мааракеси менен куттуктады

Бүгүн, 18-сентябрда Мамлекеттик тарых музейинде президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын 10 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышып, өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосун окуп берди.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу Мамлекеттик кадр кызматынын кызматкерлери!

Сиздерди он жылдык мааракеңиздер менен куттуктайм!

Өткөн жылдары Кыргызстандын Мамлекеттик кадр кызматы калыптануунун татаал мезгилин баштан кечирди. Кыйынчылыктар жана кемчиликтер болбой койгон жок. Бирок айрым ийгиликтер да болду. Мамлекеттик кызматчылар ачык-айкын иштеп, коом алдында отчёт бериши кадыресе көрүнүшкө айланууда. Мамлекеттик органдардын статс-катчыларынын институту бекемделүүдө.

2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы мамлекеттик башкаруунун бүтүндөй системин реформалоого багытталган. Биз элдин бийликке болгон ишенимин калыбына келтирүүгө милдеттүүбүз. Мамлекеттик башкаруунун иштөөгө жөндөмдүү системин түзүп, мамлекеттик аппаратты жакшыртып, Кыргызстандын жарандарына мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатын арттыруу зарыл. Мамлекеттик башкарууда коррупцияга, кесипкөйлүктүн жана жоопкерчиликтин жетишсиздигине, функциялардын кайталанышына, уруучулук жана жердешчилик сыяктуу терс көрүнүштөргө жол бербеш керек.

Эң оболу Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарын бириктирген мыйзамдар базасын бекемдеп, болгон күч-аракетибизди ушул багытка топтошубуз зарыл.

Бийликтин күчү - элдин ишениминде, колдоосунда. Ошондуктан Мамлекеттик кадр кызматы ак ниет, абийирдүү кесипкөйлөрдү, өлкөбүз үчүн – көз карандысыз Кыргызстандын келечеги үчүн иштей турган, экономикабызды көтөрүүгө жана кыргызстандыктардын жашоосун жакшыртууга жөндөмдүү болгон мекенчил мамлекеттик кызматчыларды даярдоого, аларга колдоо көрсөтүүгө өзүнүн бардык күч-аракетин жумшоого милдеттүү.

Мамлекеттик кадр кызматы өзүнүн бардык күч-аракетин мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө жана мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылууга жумшайт деп ишенем. Кыргызстан келечекте сөзсүз күчтүү жана гүлдөп-өнүккөн өлкөгө айланат!"

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан