Жоомарт Оторбаев кышында электр энергиясы жетишсиз болорун дагы бир жолу эскертти

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев парламенттин 18-сентябрдагы жыйынында "быйыл кышта электр энергиясы жетишсиз болот, андыктан аны үнөмдөшүбүз керек" деп билдирди. Анын билдиришинче, Токтогул суу сактагычында суунун аз болушуна кургакчыл аба ырайы таасирин тийгизди. "Быйыл Токтогул суу сактагычындагы суу былтыркыдан 3,9 миллиард метр кубга аз. Электр энергиясынын дефицити 2 миллиард киловатт-саатты түзөт. Көмүрдү Монополияга каршы агенттик коюп берген баа боюнча ар бир айылга жеткирүү иштери жүрүп жатат. Газдын баасы арзандады. Мындан улам Казакстандан көмүрдү 100 миң тоннага аз сатып алганы жатабыз",- деди Оторбаев.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан