Парламенттеги КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков баштаган депутаттар 16-19-сентябрь күндөрү Жалал-Абад облусунун Чаткал, Ала-Бука райондорунун айылдарын кыдырып чыгышты. Муну 18-сентябрда парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Депутаттар 17-сентябрда Чаткалдын Кара-Суу айылындагы өрттөнүп кеткен мектептин ордуна 50 пайызы республикалык бюджеттен, 50 пайызы түрк насыясынан каржыланган мектептин курулушу менен таанышып чыгышты. 100 орундуу мектептин курулушу жай жүрүп жатканын белгилешкен депутаттар иш сапарды коштоп жүргөн тиешелүү министрликтердин жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тапшырма беришти.
Парламент өкүлдөрү Чакмак-Суу айылындагы спортзалдын жана Каныш-Кыядагы оңдоодон өткөрүлгөн бала бакчанын ачылышына да катышты.
Жергиликтүү тургундар шайлоо тутумун жакшыртуу, чек ара көйгөйлөрү, аймактагы алтын чайкаган жеке жактардын жагдайын жолго коюу сунуштарын айтышты. Депутат Турсунбеков аймактагы кен казуучулар менен араздашпай иштешип жаткан жергиликтүү бийлик менен жергиликтүү элге ыраазычылыгын айтып, жогоруда аталган парламент токтомунун негизинде элдин көйгөйлөрүнүн чечилип жатканын жакшы саамалык катары баалады.