ЖКнын бүгүнкү, 24-январдагы жыйынында пара алган жаранды эркинен ажыратуу мөөнөтүн 20 жылга чейин жогорулатуу жана мүлкүн мамлекетке тартып алуу боюнча мыйзам долбоору колдоо тапты. Бул мыйзам долбоорунун автору депутат Каныбек Иманалиев. Долбоордо пара алган кызматкерге карата коомдук ишке тартуу, айып пул төлөтүү, ээлеген кызматынан бошотуу, аскердик, класстык атайын чиндеринен ажыратуу, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу сыяктуу жазалар жана 8-15 жылга чейин эркинен ажыратуу жагы каралган. “Коррупцияга аралашкан кызматкерди 15 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратууну жана мүлкүн тартып алууну сунуштайм”,- деди Иманалиев.