Нарын облусу учурда көмүр менен 23 пайызга камсыздалды

Нарын облусу быйылкы кышка карата көмүр менен 23 пайызга камсыз болду. Муну парламенттин 18-сентябрдагы жыйынында Нарын облустук администрациясынын өкүлү айтты. “Карапайым эл көмүр менен 27 пайызга, бюджеттик мекемелер 19 пайызга камсыз болду. Облуста көмүр казуу иштери менен алектенген 5 ишкана болсо, учурда экөөсү иштөөдө. Кышка карата даярдык көрүү иши уланууда”,- деп билдирди өкүл. Анын билдиришинче, Нарында учурда көмүрдүн 1 тоннасы 3,5 миң сом болуп жатат. Айта кетсек, парламент жыйынында өкмөттүн быйылкы кышка даярдыгы талкууланууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан