Ош-Бишкек унаа жолунун «Сосновка» өткөрүү постунда 30дай жүк ташуучу унаа өтө албай токтоп турганын депутат Назарали Арипов 24-январда ЖКнын жыйынында айтты. Депутат бул маселени тез арада чечип берүүнү өкмөттөн өтүндү. "30дай унаа бир аптадан бери өтө албай турушат. Депутаттар менен чогуу ал жерге барып келдим, айдоочулар «үйүбүзгө жетип алалы, өтүүгө уруксат берип койгула» деп турушат. Кыштын суук күнүндө ал жерде айдоочулар кыйналууда",- деди депутат.