Талас. 2012-жылы облуста иштеп жаткан тоо-кен чалгындоочулар бюджетке 18 миллион сом салык төлөшкөн
Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Мухамеджан Суранчиев билдиргендей, учурда Талас облусунда 16 тоо-кен чалгындоо мекемеси иштеп жатат. Аталган мекемелер 2012-жылы жергиликтүү бюджетке 17 миллион 831 миң сомдук салык төлөгөн. Өкүлчүлүктүн аймактык өнүктүрүү бөлүмүнүн каржы саясаты боюнча жетектөөчү адиси Казыбек Медетбековдун айтымында, тоо-кен чалгындоо ишканаларынын киреше салыгы 11 миллион 884,5 миң сомду түздү. "Өкмөт “Жер үй” алтын кенин иштетүү боюнча сынак жарыялады. Бул тууралуу таластык аксакалдар да кеңеш өткөрүшүп, ал кенди иштетүү керек экендигин колдошууда,”- дейт Медетбеков.