Бишкектеги жаңы конуштардын биринде "4 жаштагы кызды балмуздак берип алдап, зордуктоого аракет кылган" деген шек менен 57 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу 18-сентябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, Свердлов РИИБине М.Мадина аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 3-сентябрь күнү саат 12лер чамасында Дордой жаңы конушунда 2010-жылы туулган кызды зордуктоого аракет кылган учурда жашоочулар тарабынан кармалган жаранга карата чара көрүүнү суранган. Укук коргоо органдары окуя болгон жерге барып, балмуздактын сырты менен ак түстөгү кепканы табышкан.
Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, 4 жаштагы Н.А. сурак берген. Ал кылмышка шектүүнү көрсөтүп, балмуздак алып бергенин, Дордойдогу үйгө алып барып кийимин чечкенин айткан. Бирок жаңы конуштун тургундары тарабынан колго түшүрүлгөн.
Кылмышка шектүү катары 1957-жылы Жалал-Абад облусунда туулган К.Төлөгөн кармалып, баш коргоо чарасы менен 2 айга камалды.