Санкт-Петербургдун жашоочусу "кыргызстандык жигит менен арак ичип бүткөн соң аны өрттөп салды" деп айыпталууда

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 47 жаштагы Алексей Фетисовго "КРнын 26 жаштагы жаранын өрттөп салды" деген айып тагылууда. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда Орусиянын Тергөө комитетинин башкы башкармалыгына шилтеме берүү менен орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, аталган окуя 2014-жылдын 14-сентябрында Санкт-Петербургдун Невск районундагы Седов, 99/3 дарегинде орун алган. 

“Кылмышка шектүү адам 1988-жылкы кыргызстандык менен арак ичип, аны өлтүрүү ниетинде батирди кошо өрттөп салган. Өрт кырсыгынан улам кыргызстандык жаран каза тапкан.

Айыпталуучу камакка алынып, ага карата Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин “киши өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө амалдары уланып жатат” деп жазышты басылмалар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
elish87
2014-09-19 00:34:48
Бала байкуш орусту жакын туткандыр даа
0
MirlankMedina
2014-09-19 02:02:06
бир себеби бар болсо керек
0
abdullaevich
2014-09-19 10:42:38
I4kilikti toktotuw kerek jat jerde jurobuz ozubuzgo etiyat bolup jurolu kirgizdar
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан