Кыргызстанда убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөк пул алуу үчүн эмгекке жарамсыздык баракчасы талап кылынат

Кыргызстанда убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөк пулду иш берүүчү менен иштеген адамдар, жеке ишкерлер, дыйкан чарбанын мүчөлөрү ала алышат. Бирок саламаттыкты сактоо мекемелери тарабынан берилген эмгекке жарамсыздык баракчасы талап кылынат. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Бирок жөлөк пул үчүн кайрылуу эмгекке жарамдуулук калыбына келген күндөн тартып 6 айдан кечиктирилбестен берилиши керек. Мында эмгек акынын 100 пайызы өлчөмүндө жөлөк пул, маянасы айына 50 эсептик көрсөткүчтөн ашпаган адамдарга, кесиптик оорунун натыйжасында ооруган адамдарга, бийик тоолуу аймакта жашаган адамдарга, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына, Чернобыль кырсыгына катышкан адамдарга, нур жана залалдуу шишик оорусу менен ооругандарга, донорлорго, "КРнын Баатыры" наамын алгандарга, I даражадагы Манас ордени менен сыйланган адамдарга, СССРдин, Социалисттик Эмгектин Баатырларына, III даражадагы Даңк орденинин жана III даражадагы Эмгек Даңкы орденинин ээлерине, Баатыр эне ордени менен сыйланган энелерге берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан