Ала-Бука районунда атайын даярдыктагы аскерлердин "Калканч-2014" айкалыш көрсөтмөсү болду

Кыргызстанда атайын даярдыктагы аскер бөлүктөрүнүн "Калканч-2014" айкалыш көрсөтмөсү болууда. Бүгүн, 18-сентябрда бул көрсөтмө Ала-Бука районунда уюштурулду. Ага ЖКнын депутаты Роза Акназарова, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчисинин орун басары Закир Тиленов, Чек ара кызматынын башчысынын орун басары Абдикарим Алимбаев жана күжүрмөн даярдыктагы аскерлер күбө болушту. Иш-чаранын жүрүшүндө күжүрмөн даярдыктагы аскерлер чек арага мыйзамсыз келген куралдуу топту кантип жок кылуу керек экенин, куралдардан ок атуудагы чеберчиликтерин көрсөтүштү. 

Иш-чаранын негизги максаты - мыйзамсыз куралдуу топторду жок кылуу операциясына даярдык жана аны жүргүзүү, аскерлерди башкаруу, өз ара аракеттерди уюштуруу, камсыздоонун бардык түрлөрүн ишке ашыруу боюнча теориялык такшалуу.

Машыгуулар Мамлекеттик чек ара кызматы жана ЕККУнун Бишкектеги борбору менен биргеликте “Кыргызстандын өкмөтүнө аймактык кызматташтыктагы чек ара коопсуздук жана чек араны башкаруу маселелери боюнча көмөк көрсөтүү” долбоорунун чегинде биринчи ирет өткөрүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан