Темир Сариев: "Кумтөрдүн" ишмердүүлүгүн текшерген комиссияга эч кандай кысым болгон жок"

"Кумтөр" компаниясынын ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрүнө жогору жактан эч кандай кысым болгон жок". Бул тууралуу өкмөттүн бүгүнкү, 24-январдагы жыйынында Экономика министри Темир Сариев билдирди. "Эч кандай басым болбогондуктан, мамлекеттик комиссиянын иши адилеттүү, ал мамлекеттин, элдин жана экономиканын кызыкчылыгына жооп берет",- деди министр. Анын айтымында, президент да, премьер-министр да, Жогорку Кеңештин төрагасы да мамлекеттик комиссиянын ишине кийлигишкен эмес. "Бирөө да чалып, басым көргөзгөн жок" деген министр буга чейинки комиссиялардын ишине жогорку кызматта отургандар дайыма кийлигишип келгенин белгиледи. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан