
* Мындан 32 жыл мурун, 1982-жылы Карнеги-Меллон университетинин профессору
Скотт Фалман интернет тармагында жазышууда эмоцияны билдирүү үчүн быйтыкчаларды колдонууну сунуштаган. Алгач катары менен кош чекит ":", тире "-" жана жабылган кашааны ")" колдонуп күлгөн эмоцияны көрсөтүү сунушун киргизген. Бул электрондук лексикага киргизилген маанилүү жаңычылдык болгон.

* Мындан 23 жыл мурун, 1991-жылы ырчы
Минюра Рахимжанова Таластын Покровка айылында туулган. М.Күрөңкеев атындагы музыкалык училищеде окуган. Учурда (2014-ж.) Улуттук консерваториянын 4-курсунун студенти. Биринчи жолу Жамиля Муратованын жеке концертинде "Сен кат жаздың" ырын аткарып, ошол ыры менен популярдуулукка жеткен.
* Мындан 29 жыл мурун, 1985-жылы Мехикодо күчү 8,1 баллга жеткен зилзала болгон. 9 миңден ашык киши каза болуп, 30 миңден ашууну ар кандай жараат алса, 95 миң киши үй-жайсыз калган.

* Мындан 86 жыл мурун, 1928-жылы
Нью-Йоркто биринчи ирет "Микки Маус" мультфильминин бет ачары болгон.