Кыргызстандагы жакыр жашаган чабандарга мамлекет тарабынан акысыз мылтыктарды берүү керек. Мындай пикирин бүгүн, 24-январда депутат Талантбек Узакбаев ЖКнын жыйынында билдирди. Эл өкүлү тоолуу аймактарда карышкырларды атуу маселеси ойдогудай жүрбөй жатканын айтты. "Мурда ар бир малчынын жеке мылтыгы бар болчу. Малчылар бүгүн да малын карышкырдан коргоого даяр, бирок алардын мылтыктары жок. Өз каражатына баары эле сатып ала албайт. Карышкырларды атуу үчүн аларга эмне үчүн курал таратууга болбосун?",- дейт депутат. Эл өкүлү ошондой эле карышкырлар адамдарга кол салган учурлар болуп жатканын кошумчалады.