Бишкекте эки унаа кагылышып, эки адам жабыркады. Жолдун бир тарабында унаа тыгыны орун алууда

Бүгүн, 18-сентябрда саат 17:55 чамасында Бишкектин Садыгалиев жана Дэн Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Белгилүү болгондой, жогорудагы көчөлөрдүн кесилишинде Мерседес Е менен Фольксваген Гольф 3 үлгүсүндөгү унаалар сүзүшүп кеткен.

Окуя болгон жерге келген Жол-кайгуул кызматынын инспекторунун айтымында, кырсыктын кесепетинен 2 адам жабыркап, аларды "Тез жардам" кызматы алып кеткен. Фольксваген Гольф 3 унаасы айып төлөөчү жайга жеткирилди.

Маалыматка караганда, Мерседес Е унаасы жол чырактын кызыл жарыгы күйгөндө Садыгалиев көчөсү менен келип, чыгышты карай бурулган. Бирок сол жагынан келе жаткан унааны байкабай кагылышып кетишкен. Кырсыктан унаалардын маңдайкы бөлүгү жараксыз абалга келди. Жол кырсыгынан улам 2 сааттан бери жолдун бир тарабында унаа тыгыны орун алууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aku
2014-09-18 22:35:34
5-10 мин кечиккенде биз дагы пробкага кабылмак экенбиз эле.
-1
Desmond
2014-09-19 02:21:24
aku, ekenbiz ele deee, Bishkekte patent menen jurgondordonsun go ee
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан