Ош шаарында ата-энелери каршы болгон кыз-жигит 20 күн дайынсыз делинип, акыры уурулук кылып жүрүшкөн жеринен кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.
Айтымында, Абдыкадыров көчөсүнүн тургундары: 15 жаштагы А.А. аттуу бала менен А.Н. аттуу 17 жаштагы кыз экөө кыз-жигит болушкан. Экөөнүн "бирге болобуз" дешкендерине ата-энелери каршы чыгышкандыктан, алар үйүнөн чыгып кетишет. Мындан улам ата-энелери Ош шаардык ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылышкан.
Андан көп өтпөй Исанов көчөсүнүн 1994-жылы туулган тургуну милицияга арыз менен кайрылып, 8-сентябрь күнү саат 15:00 чамасында белгисиз атуулдар анын үйүнө киришип, «Нокиа» үлгүсүндөгү эки даана уюлдук телефонун уурдап кетишкенин айткан.
Көрүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде дайынсыз делген Абдыкадыров көчөсүнүн тургундары 1999-жылы туулган өспүрүм А.А. жана 1997-жылы туулган А.Н. кармалышкан. Учурда бул өспүрүмдөр "тоноо" жана "уурулук" фактыларына шектүү катары Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармалуучу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.