Американын тургуну алты небересин жана кызын өлтүргөндөн кийин өз жанын кыйды

Американын Флорида штатынын жашоочусу алты небересин жана кызын өлтүргөндөн кийин өз жанын кыйды. Бул тууралуу 19-сентябрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Окуя аталган штаттын түндүк бөлүгүндөгү Белл шаарында орун алган. Белгилүү болгондой, 51 жаштагы Дон Спирт жаш курагы 3 айлыктан 10 жашка чейинки неберелерин жана кызын атып салган. Укук коргоо органдарынын өкүлү сүйлөшүүгө аракет кылганда ал өзүнө карата ок чыгарып жанын кыйган.

Маалыматка караганда, Спирт буга чейин атуучу куралды мыйзамсыз кармоо, бейбаштык, жаш балдарга тамак бербегендиги үчүн соттолгон. 2001-жылы өзүнүн 8 жаштагы уулун атып алган. Бирок "мергенчиликке чыккандагы байкабастык, күтүлбөгөн кырсык" деп айтылып калган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aselya-345
2014-09-19 14:15:10
Кудай сактасын ушундай зоокурлордон!!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан