Бишкекте Кыргызстандын ветеринария тармагын өнүктүрүүдө статуардык ветеринардык органдын ролу талкууланууда

Бишкекте «Кыргызстандын ветеринария тармагын өнүктүрүүдө статуардык ветеринардык органдын ролу» деген темада семинар өтүүдө. Бул тууралуу 19-сентябрда КР Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 
Семинардын алкагында ветеринария кызматкерлерине Кыргызстанда Ветеринардык палата түзүүнүн муктаждыгы, анын максаттары менен милдеттери жана статуардык ветеринардык органды өнүктүрүүнүн зарылчылыгы түшүндүрүлдү. Министрликтин Санитардык-фитосанитардык чаралар маалымат кызматы менен Ветеринардык жана фитосанитария боюнча ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу башкармалыгынын башчысы Байымбет Мураталиевдин айтымында, өлкөдө статуардык ветеринардык органды түзүү мамлекеттик жеке өнөктөштүктү жакшыртуу, өзүн өзү башкаруучу органдарды өнүктүрүү, жарандык секторду жана кесипкөй уюмдарды чечимдерди кабыл алуу процесстерине катыштыруу боюнча президент менен өкмөт кабыл алган стратегияга шайкеш келет. 
Статурадык ветеринардык орган ветеринардык дарыгерлер менен параветеринар адистеринин ишин жөнгө салууга милдеттүү. Ошону менен бирге алардын ишмердигин, ишке болгон мамилесин жана Ветеринардык этика кодексинин сакталышын жөнгө салат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан