Бахадыр Кочкаров, футбол калысы: “2 Дүйнө чемпиондугунда калыстык кылдым, учурда үйүм жок, ижарага үй алып жашап келем”

Быйыл жайда Бразилияда өткөн Дүйнө чемпиондугунда өзбекстандык калыс Равшан Ирматов 4 оюнда калыстык милдетти аркалады (Швейцария-Эквадор, АКШ-Германия, Мексика-Хорватия жана Голландия-Коста-Рика командаларынын оюндары). Анын 2010-жылкы Мундиалда да 5 оюнда калыстык кылганы эсепке алынганда, өзбек калысы Дүйнө чемпиондугунда 9 оюнда калыстык кылган биринчи калыс болуп, жаңы рекорд койгон. Р.Ирматовдун бригадасында иштеген кыргызстандык калыс Бахадыр Кочкаровдун да ысымы бул рекордго жазылды. Калыстык милдеттерин так аткаргандыгы үчүн бул калыстарга дүйнө элинин көңүлү бурулуп, алардын финалдык оюнда да калыстык кылуусун каалагандардын саны арбын экени маалым болгон. Тилекке каршы, Калыстар комитети жарым финалдык оюндарга жана финалдык оюнга башка калыстарды дайындады. Ошентсе да Р.Ирматовдун бригадасы бул мелдеште өз иштеринин майын чыгара аткарып, өлкөлөрүндө сыймык жаратышты.

Бригададагы өзбекстандык калыстар Равшан Ирматов менен Абдухамидулло Расуловду мелдештен кийин өлкө президенти кабыл алып, аларга үй жана автоунаа белек кылды. Андан тышкары мамлекеттик сыйлыктарды да тапшырганы маалым. Ал эми Дүйнө чемпиондугунун бүткөнүнө бир топ убакыт болуп калса да, Бахадыр Кочкаровго мамлекет тарабынан көңүл бурулбай келет. Ал жакында казакстандык басылмалардын бирине маек куруп, өз ишмердүүлүгү, пландары тууралуу айтып берген. Андан тышкары казак журналисти Б.Кочкаровдун Кыргызстандагы саясатчыларга нааразы экенин, ага бүгүнкү күнгө чейин тиешелүү деңгээлде баа берилбей келгенин калыстын өз оозунан уккан. Маектин жүрүшүндөгү маанилүү суроо-жоопту назарыңыздарга коёбуз.  

Журналист: - Дүйнө чемпиондугунан кайтып келатканда Кыргызстанда сизди кандай тосуп алышты?

Б. Кочкаров: - Катардагы жөнөкөй кишилер менин ийгиликтеримди кубануу менен кабыл алып, аэропорттон тосуп алышты. Күйөрмандар жана журналисттер менин дарегиме 4 сап ыр арнап жазуу боюнча сынак уюштурушканы жагымдуу болду. Ал эми жогорку чиндеги адамдар... Алар тууралуу сөз айткым келбейт.

Журналист: - Эл дүйнөдөгү мыкты калыстардын бири тууралуу баарын билиши керек...

Б. Кочкаров: - Кээде биздин саясатчыларды түшүнбөй кетем. Мен эки ирет Дүйнө чемпиондугунда калыстык милдетти аткардым, Олимпиада оюндарында кызмат алдым, футбол чөйрөсүндө дүйнөгө таанылдым. Бирок ошого карабай биздикилердин үй белек кылбаганы акылга сыйбаган нерсе. Биздин бригададагы калыстар Равшан Ирматов менен Расуловго Өзбекстандын президенти үй менен унаа берип, мамлекеттик сыйлык тапшырды. Мага 2010-жылкы Мундиалдан кийин Ардак грамота берилген, андан башка көңүл бурулган жок. Мен өз өлкөмдүн патриотумун! 4 жыл мурун мен Мундиалда жүргөндө менин туулган жерим Ошто адамдар бирин-бири өлтүрүп, “душмандардын” үйлөрүн өрттөшкөн. Мен ошондо өзүмдү колго алып, калыстык кызматымды аягына чейин кылгам. Менин Оштогу үйүм 2010-жылкы каргашалуу окуядан кийин жараксыз абалга келип калган. Учурда Бишкекте ижарага үй алып жашайм. Качандыр бир учурда мамлекет тарабынан мага үй берилеринен үмүтүм чоң. Мени Казакстан, Өзбекстан жана Орусиядан жумушка чакыргандар бар. Эгер менин эмгегим өз өлкөмдө бааланбаса, туулуп-өскөн жерди таштап кетүүгө аргасыз болом.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
nargiz_96
2014-09-19 15:10:44
башка олкого кеткени жакшы бизде когорбойт
+5
sladkaja_konfetka
2014-09-19 15:19:34
окмотко догрунбай уй сатып албайбы, окмоттон эч нерсе чыкпайт
+2
Nura.1012
2014-09-19 15:41:20
Кыргызстан деп соккон патриоттордун журогун суу сепкендей муздатышат,колдо бар алтындын баркы жок кылбай кадырына жете билуу керек.
+4
boiuzun
2014-09-19 16:08:22
Бизде башка олкого барып атагы чыкканда же бул дуйнодон кеткенде гана кадырын билишет. Бирок, олко учун кылган эмгекти милдет кылып айыптасада озубуздун МККаларда айтпаганы окундурот.
0
laki
2014-09-19 16:23:15
Бул киши Кыргызбы? Өкмөт Өзбекстандыкынан артык имарат менен вертолет берсе да аздык кылат. Мындай инсандарыбызды колдоп-кубаттап, барктап албасак башкаларга тарткызып иебиз го?!
+1
edik07
2014-09-19 16:48:07
ХХХ ХХХ ХХХ... Адам тугонуп калгансып ошол ХХХ бермек беле уйду кете бер кай жакта ишке чакырса
-2
admin_superstan
2014-09-19 17:37:04
edik07, этика нормаларын сактаңыз! Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинтүүгө тыюу салынган! 5 күн БАН!
0
FSB
2014-09-20 03:53:47
edik07, kandai madaniyatsy jok adamsyz!Bilim alyp,tarbiya kordunuz bele ?!
0
edik07
2014-09-19 16:50:34
Озбек кыргыз эмес.Ошто тополондон кийин озбек аттууларды жиним суйбой калды
0
aidartegin
2014-09-19 17:33:05
Чакырган жерден калба анда!!
+1
Lintel
2014-09-19 17:41:01
Озбекби кыргызбы айырмасы жок Кыргызстандын желегин которуп журот. Кандай кундо да Кыргызстандын жараны.
+1
Jiide.8792
2014-09-19 19:59:53
улуту озбек болсода кыргыздын атынан чыктыбы!!! Так што беришкерек белек
0
dani2014
2014-09-19 21:08:52
Атай Омурзаковго беребиз деди эле бергенби
0
Lintel
2014-09-20 10:41:27
dani2014, Атайга деген белекти Убактылуу окмот жеп койгон. Берилген эмес.
+1
Odik11
2014-09-19 22:23:19
Алтындарым чыдагыла деп кала берет дагы
+1
Talant86
2014-09-20 00:21:19
Озбек болсо дагы кыргызстанды дуйного таанытты,биз кыргыздар журобуз бири-бирибизди коро албай ошол учун онолбойбуз
+1
lomka
2014-09-22 08:16:33
Кыргызстан Туулган жерим дебей, башка олкого кетип калганы жакшы. Биздин чондор конул бурбай озулорунун чонтогун кантип чонойтконун ойлоп журушот. Биздин чондор учун канчалаган таланттуу адамдар кетип жатышат......
+1
admin_portal
2014-09-22 10:38:13
erlan.90 - 20 күнгө БАН!
Провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан