Бүгүн, 24-январда Бишкектеги Касымалы Баялинов атындагы китепканада “Америка борбору” маалымат борборунун бир бөлүмү болгон “Компьютердик борбор” ачылды. Бул иш-чарага АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спартлен, КРнын Маданият жана туризм министринин орун басары Кудайберген Базарбаев жана “Манас” транзиттик борборунун кызматкерлери, студенттер катышышты. Жаңы бөлүмдүн ачылышы менен кыргыз өнөрпоздору жана АКШдан келген “Тотал Форс” тобу өнөрлөрүн тартуулашты.