Жылнаама, 21-сентябрь: Мындан 9 жыл мурун Жогорку Кеңештин депутаты Баяман Эркинбаев 38 жашында киши колдуу болуп каза болгон

* Мындан 12 жыл мурун, 2002-жылы Бүткүл дүйнөлүк тынчтык күнүн белгилөө башталган. Бул дата Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 1981-жылдын 30-ноябрында өткөн 36-сессиясында кабыл алынган. Башкы ассамблея бул күнү дүйнө жүзүндөгү зордук-зомбулук менен ок атышууну токтотууга чакырат. Ар жылы 21-сентябрь күнү Тынчтык коңгуроосу кагылып, Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы кайрылуу жасайт. 
* Мындан 9 жыл мурун, 2005-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Баяман Эркинбаев 38 жашында киши колдуу болуп каза тапкан. Түнкү саат он чамасында депутат үйүнө кайтып келе жаткан маалда белгисиз адам аны Макаров тапанчасы менен атып, оор жаракат алган депутат ооруканага жетпей жан берген. Б.Эркинбаев №16-Кадамжай шайлоо округунан парламентке шайланып, бир эле маалда Улуттук Олимпиада комитетин башкарып келген. 
* Мындан 76 жыл мурун, 1938-жылы КРнын Эл артисти Жамал Сейдакматова Ысык-Көл районуна караштуу Темир айылында туулган. Москвадагы Полиграфия институтунун 3-курсун бүтүрүп, 1959-жылы Кыргыз академиялык драма театрына артист болуп кирген. Театрда иштеген 30 жылдык өмүрүндө чет элдик, орус, кыргыз классикалык драмаларында башкы ролдорду аткарган. Шамшиев, Океев, Базаров, Убукеевдер тарткан кинофильмдерде ролдорду аткарган. 1990-жылы "Туңгуч" жаштар театрын ачкан.  
* Мындан 21 жыл мурун, 1993-жылы Орусия президенти Борис Ельцин Жогорку Кеңешти таратуу жарлыгына кол койгон. Бул маселе чырга айланып, Ак үй танк менен аткылоого алынып, андагы депутаттар күч колдонуу менен кууп чыгарылган.
21-сентябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Gensek
2014-09-20 20:01:07
ех баяман сенсиз Ош емне болуп кетти (
+9
Ganibal87
2014-09-20 21:03:29
Жаткан жери жайлуу болсун!!
+4
tolkun85
2014-09-20 22:02:26
жаткан жери жайлуу болсун!!! эхх!азыр Баяман тируу болгондо кооп жумуштарды бутурмок Кыргыз элим учун.
+5
kaytmas
2014-09-20 22:38:31
Баяман накта эркек эле.
+4
boztalaa
2014-09-20 22:44:07
Баямандай инсан бул жашоого кылымда бир келет. Улуттун суйгон адам эле.
+3
Dadasdasd
2014-09-20 23:02:27
Эх эх дегендин ордуна билген Куран аяттарынан окуп багыштап койолу.
+4
Zarema94
2014-09-21 00:04:26
Баяман агабыздай мырзалар элибизде к0п болсо экен. Жаткан жериниз жайлуу болсун, Баяман ага!
+3
elgiz0890
2014-09-21 00:33:26
чыныгы патриот кыргыз жерин коргон мыкты азамат эле жаткан жери жайлуу болсу.
+3
Anqelina2
2014-09-21 00:45:22
Баяман агабызды эстегенде ыйлагым келет. Чындап эле кылымда бир жаралчу адамдардан экен эле. Баяман агабыз жок Ошту озубектер ээлеп алышына аз калды эле. Баяман барда озубектер кын дей алчуу эмес. Мыкаачылар аттырып жандары тынды. Ким аттырса да Аллах жазасын берет.
+3
rdujshen
2014-09-21 10:51:15
Байаман аке жаткан жериниз жайлуу болсун)))кудайым сизге бейиштен насип кылсын.биз сизди унутпайбыз.))))
+2
Mononoke
2014-09-21 11:51:45
Кыргызстан эч качан онукпойт,,,онуктуруп келе жаткан адамдардын коздорун тазалап турушат,,,,((( кандай эле башка жактардын кыйын спортчуларын,саясатчыларын ата алышпайт дагы,кыргызстандыкын чымчык аткандай ата беришет,,мамлекет ото алсыз
+2
nasi81
2014-09-21 12:37:30
Баяман журогу кыргыз деп соккон кыргызымдын патриот жигити эле. Аттин, кыргыздагы коро албастык, кара озгойлук ушундай элден суурулуп чыккан, мыкты коорогоч жигиттерди алдыга чыктырбай жок кылып жаны тынат. Оштогу нанын жеп тузуна сийген начар калктын (жакшысы бар арасында) тизгинин тартып, унун басып турат эле. Баяман тируу болгондо 2010 жылы болгон коголон болбойт эле. Канча кыргыз бейкуноо олбойт эле. Аттин, арман. Баяман жаткан жерин жайлуу болсун.
+2
aidai88
2014-09-21 14:07:47
Баяман жонундо толлук маалыматты кай жерден окусам болот?
+1
admin_portal
2014-09-22 10:28:11
aidai88, Саламатсызбы!
Төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп окуй аласыз: http://www.super.kg/article/?article=15401
0
Patriot92
2014-09-21 14:08:08
мен Баяман чыгып келетканда жаш болсом керек жакшы билген емесмин кандай адам экенин.бирок коро албай атып кеткенине караганда чынында Кыргыздын патриоту болгон.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан