Жети-Өгүз районунда “Кумтөрдүн” экологияга тийгизген таасиринен улам онкологиялык оорулар 30 пайызга өскөн

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда “Кумтөр” ишканасынын экологияга тийгизген таасиринен улам онкологиялык оорулар 30 пайызга өскөн. Мындай маалыматты бүгүн, 24-январда өкмөттүн жыйынында Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева билдирди. Анын айтымында, акыркы он жылда онкологиялык оорулар Ысык-Көл облусунда 14 пайыз, Жети-Өгүз районунда 30 пайызга өскөн. “Учурда “Кумтөр” алтын кенинде 3 миң киши иштейт, анын ичинен 1 миң 700 адам ден соолукка зыян келтирүүчү шартта иштеп жатышат. Алтын иштетүүчү жумушчулардын ден соолугуна, кызматтык оорусуна изилдөө жүргүзүү үчүн өкмөт токтом кабыл алып берүүсүн суранам”,- деди министр айым. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан