Бишкектеги Медициналык академияга окууга өткөрүүнү убадалап, жарандардан алдап акча алып жүргөн адам кармалды

Бишкектеги Медициналык академияга окууга өткөрүүнү убадалап, жарандардан алдап акча алып жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 19-сентябрда билдирди.

Маалыматтарга караганда, Кыргыз медициналык академиясында окуп кеткен, 1986-жылы туулган Исламов Сухраб аттуу жаран алдамчылык фактысы менен кармалды. Ал буга чейин жарандардан аталган окуу жайга өткөрүүнү убада кылып акча алып жүргөн. Учурда ал милиция тарабынан колго түшүрүлүп, камакка алынды. Бишкек ШИИББи Исламов Сухрабдын алдамчылыгына кабылгандар болсо, төмөнкү телефондорго кайрылса болорун эске салат: 0772 20-04-40 же 0708 01-88-49

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
plaza85
2014-09-19 18:50:41
Эми Бишкекте пайда болуптурда Ошто да алдап жургон алдамчы кармалды эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан