Чүйдө 25 жаштагы жаран "аялын уюлдук телефонду кубаттоочу каражаттын зымы менен муунтуп өлтүргөн" деп шектелүүдө

Чүйдө 25 жаштагы жаран "жарандык никедеги аялын уюлдук телефонду кубаттоочу каражаттын зымы менен муунтуп өлтүргөн" деп шектелүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 19-сентябрда билдирди. 

Маалыматтарга караганда, Кара-Балта шаарындагы үйлөрдүн биринде 1979-жылы туулган айымдын жансыз денеси табылган. Милиция кызматкерлеринин айтымында, аталган жаран уюлдук телефонду кубаттоочу каражаттын зымы менен муунтулуп өлтүрүлгөн. Каза болгон айымдын өлүмүнө шектүү катары аз өтпөй аны менен жарандык никеде жашап жүргөн, мурда соттолгон Кант шаарынын 25 жаштагы тургуну кармалган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Кант шаарынын тургуну жарандык никедеги аялы менен мас абалында урушуп кетип өлтүрүп салган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
bossmos7
2014-09-19 17:29:59
Жаман окуя болуптур! Кабарчынын Эне тилде жазганы мыкты!
+1
Ariet7
2014-09-19 18:24:52
Окунучтуу,баягы эле жинди суунун азабынан болду го дейм..
Туура кабарчы мыкты жазыптыр,нукура кыргызча .Азамат
0
Dadin1
2014-09-19 18:33:23
10 жаш кичине экенго куйоосу..озу жанагылардан болсо керек да ххх дан
0
admin_media
2014-09-19 18:36:25
Dadin1,
Этика нормаларына туура келбеген билдирүү жазууга тыюу салынат! Эскертүү!
0
temirov76
2014-09-20 12:01:47
Dadin1, жанагылар дегендерин кимдер?
0
baiysh0704
2014-09-20 23:11:14
temirov76, жанагылар дегени алигилар да.Кабарчы жакшы жазыптыр кыргызча жатык тил менен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан