Япониянын Кыргызстандагы элчилиги Талас облусунун мектептерине 57 миң 100 долларлык жардам берет
Япониянын Кыргызстандагы элчилиги
Талас районундагы 6
мектепке жалпы суммасы 57 миң 100 долларлык жардам берет.
Бул
тууралуу элчиликтин маалымат кызматы билдирди. Белгилүү болгондой, бүгүн, 24-январда
Талас облусунда “Өсүмдүктүн тамыры жана
адам коопсуздугу” гранттык программасынын алкагында Япониянын Кыргызстандагы убактылуу жана ишенимдүү өкүлү Ясумаса Иидзима менен
Талас районунун акими Байрак Сейдибалиев атайын келишимге кол коюшту. Аталган долбоордун алкагында райондогу Р.Айдаралиев, Ж.Алымкулов, М.Мамбетов, Б.Жанузаков, А.Солтонов, М.Козубеков атындагы орто мектептерине парта,
отургуч, класстык тактай, окуу китептери үчүн шкаф, китеп коюучу жабдык, кийим
илгич, жыйын залы үчүн отургучтар берилмекчи.