Бүгүнкү күнгө чейин КРнын 1605 жараны биометрикалык маалыматтарын тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда КРнын Өкмөтүнүн жыйынында Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Алина Шаикова билдирди.
Анын айтымында, 2014-жылдын 28-августунда биометрикалык маалыматтарды тапшыруу боюнча иш-чаралар башталган. “Бир аптанын ичинде Жогорку Сот, Башкы прокуратура, Жогорку Кеңеш, Каттоо кызматы жана башка мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери аталган маалыматтарын тапшырышкан. Биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча иштер пландалгандай жүрүп жатат”,- деди ал.
КРнын Экономика министри Темир Сариев бүгүнкү күнгө чейин 1605 гана биометрикалык маалыматтар чогулгандыгына таң калды. "Кандай ойлойсуңар, 2015-жылдын күзүнүн аягына чейин бардык жарандардан аталган маалыматтарды чогулта аласызбы?"- деп сурады министр. Буга Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы "бул иш-чаралар өз мөөнөтү боюнча өтүп жатат" деп жооп берди.