Аба ырайы, 20-сентябрь: Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт

20-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Чүй облусу. Күндүз +17°C, түнкүсүн +6°C

Талас облусу. Күндүз +14°C, түнкүсүн +5°C

Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +20°C, түнкүсүн +11°C

Баткен облусу. Күндүз +19°C, түнкүсүн +9°C

Ысык-Көл облусу. Күндүз +11°C, түнкүсүн +7°C

Нарын облусу. Күндүз +13°C, түнкүсүн -3°C

Бишкек шаары. Күндүз +15°C, түнкүсүн +4°C

Эскертүү!

20-сентябрда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. 20-22-сентябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым дыйканчылык аймактарында үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча-жемиштерге, казылып алынган жана жабылбаган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан