Жантөрө Сатыбалдиев “Кумтөрдүн” ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссиянын ишин жогору баалады

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев “Кумтөр” компаниясынын ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссиянын ишин жогору баалады. Бул өкмөттүн 24-январдагы жыйынында белгилүү болду. Премьер-министрдин пикиринде, "Кумтөрдүн" ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссия өзүнүн саясий эркин көрсөттү. “Кумтөр" боюнча макулдашууга кол койгондор эмес, керектүү документтерди даярдагандар да жоопкерчиликке тартылышы зарыл жана бардык материалдар прокуратурага өткөрүлүп берилиши керек”,- деди өкмөт башчы. Мамлекеттик комиссиянын жыйынтыктоочу отчёту менен “Центерра” компаниясынын директорлор кеңешин да кабардар кылып коюу керектигин баса белгиледи Сатыбалдиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан