Нарын шаарында эркек адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 22-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, 21-сентябрь күнү саат 12:25 чамасында Нарын шаарындагы Жаңы-Жол чегинде Нарын дарыясынан жашы 55-60 чамасындагы эркек адамдын жансыз денеси табылган. Сөөк куткаруучулар тарабынан суудан чыгарылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Учурда анын аты-жөнү такталууда.