Москвада өрт кырсыгынан улам каза болгон кыргыз жарандарынын өздүгү аныкталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт кырсыгынан 1994-жылы туулган Эрлан Абдыкаров жана Анваржон уулу
Баяман, 1988-жылы туулган Урмат Токтосунов жана анын жубайы Айжаркын (фамилиясы такталууда) каза болгон. Ал эми жабыркаган Кожоназар Арзыматов жана Гүлназ Өкүмалиеванын абалы оор. Учурда кырсыктын себеби такталууда.
Айта кетсек, буга чейин Москвадагы көп кабаттуу үйдүн 7-кабатынан өрт чыгып, анда кыргызстандык 4 адам каза болуп, 6 адамдын жабыркаганы айтылган эле.