Бишкектеги түнкү клубдардын унаа токтотуучу жайында ок атышуу орун алды

Бишкектеги түнкү клубдардын унаа токтотуучу жайында ок атышуу орун алды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 22-сентябрда билдирди.

Маалыматтарга караганда, 20-сентябрда түнкү клубдардын биринин унаа токтотуучу жайында ок атышуу болгон. Бул тууралуу милицияга кабарланып, укук коргоо кызматкерлери аталган жайда токтоп турган Лексус GS-300 унаасынын ичинен жана жанынан белгисиз куралдардын огунан калган гильзаларды табышкан. Бирок унааны текшерүүгө алып жаткан учурда анын ээси дистанциондук чип ачкыч менен унаасын бекитип, из жашырып кеткен.

Аталган факт боюнча ок атышуу орун алган түнкү клубдун коопсуздук кызматкери 20-25 жаштардагы белгисиз жарандар аны ок атуучу курал менен чаап, ур-токмокко алгандыгы тууралуу арыз менен кайрылган. Ошол эле күнү №1-шаардык ооруканага ок атуучу куралдан жараат алган М.Т. аттуу жаран келип түшкөн. Ошондой эле Улуттук госпиталга ур-токмокко алынган Ж.Б. аттуу жаран кайрылган. Кийин "түнкү клубдун жанындагы мушташка катышкан" деген шек менен Ош облусунун А.О. жана Т.М. аттуу жарандары кармалышкан.

Учурда укук коргоо кызматкерлери тарабынан жогоруда айтылган унаанын ээсин жана окуяга тиешеси бар жарандарды издөө иштери уланууда. Иликтөө жүрүп жатат.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
uran001
2014-09-22 11:44:20
кандай курал экен трамватикби же боевойбу
0
admin_portal
2014-09-22 16:12:52
bek007 - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
arisim
2014-09-22 16:30:06
Кудай сактасын,акыркы кундору ушундай ок атуулар кобойуп бара жаткан жокпу,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан