Кыргыз милициясынын 90 жылдык мааракесине карата Баткен шаарында ардагерлер арасында спорттук мелдеш болуп өттү

Кыргыз милициясынын 90 жылдык мааракесине карата Баткен шаарында ардагерлер арасында спорттук мелдеш болуп өттү. Баткен облусундагы милиция кызматында иштеп, азыркы күндө эс алуудагы ардагерлер ортосунда волейбол жана аркан тартыш боюнча спорттук оюндар өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, ага облус аймагындагы 50 жаштан 75 жашка чейинки курактагы 50гө чукул сандагы ардагерлер катышты. Волейбол боюнча 1-орунду Сүлүктү шаарынын ардагерлери ээлесе, аркан тартыш боюнча 1-орунду Кызыл-Кыя шаарынын ардагерлери багындырышты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан