Жумгал районунда 17 жаштагы бала адам өлтүрүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 22-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 19-сентябрь күнү саат 23:15 чамасында милиция кызматкерлерине маалымат келип түшкөн. Анда Кабак айыл өкмөтүнө караштуу Бостон-Кайың жайлоосунда 17 жаштагы бала 23 жаштагы адамды мылтык менен башка атып салганы айтылган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, жыйынтыгында кылмышка шектүү катары 1997-жылы туулган К.у.Э кармалган.
Иликтөөлөргө караганда, маркум кылмышка шектелип кармалган К.у.Энин малын кайтарчу. 19-сентябрь күнү түшкө маал экөөнүн ортосунда уруш чыгып, К.у.Э малчысын коркутуу максатында мылтык такап, кокусунан башка атып алган. Анын кесепетинен 1991-жылы туулган Назарбек уулу Эрнат каза тапкан.
Учурда “адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.