Бишкекте курулушта иштеген жаран 9-кабаттан кулап каза тапты. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан бүгүн, 22-сентябрда кабарлашты.
Маалыматтарга караганда, борбор калаанын Токомбаев жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы курулуп жаткан имараттын монтаж иштерин жасап жаткан кызматкер кокустуктан улам 9-кабаттан кулап кеткен. 32 жаштагы кызматкер окуя болгон жерде каза тапканы белгилүү болду.